13-июлдан 16-июлга чейин ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 36…41° чейин, тоо этектеринде 30…35°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 29…34° чейин көтөрүлүшү күтүлөт.
Фермерлерге айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18...23, күндүз 35...40;
Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 33...38;
Баткен облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 34...39;
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19...24, күндүз 36...41;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30,
Нарында түнкүсүн 10...15, күндүз 29...34.
14-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Мелүүн жел жүрөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 20…22 градус, күндүзгү жогорку температурасы 38…40 градус ысык болушу күтүлөт.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 11-июлда күндүз 22 градусту, 12-июлда эртең менен 20 градусту түздү. (КЕ)