Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

“Жусуп Мамайдын “Манасын” окуйбуз” аттуу акция өтөт


“Патриот kg” коомдук бирикмеси өкмөттун колдоосу менен манасчы Жусуп Мамай калтырган мурасты сактоо жана жайылтуу долбоорунун алкагында атайын акция уюштурууда. 15-июлда Бишкектеги Эмен багында өтүүчү иш-чарага премьер-министр Темир Сариевдин катышуусу күтүлүүдө. Акциянын максаты – Жусуп Мамайдын вариантындагы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек, “Кененим”, “Сейит”, “Асылбача-Бекбача”, “Сомбилек” жана “Чигитей” сегизилтигин коомчулукка тааныштыруу жана жаштардын эпос тууралуу билимин жогорулатуу. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

“Манас” эпосунун 18 томдугун жазган кытай кыргыздарынан чыккан манасчы Жусуп Мамай 2014-жылы 1-июнда 96 жаш курагында дүйнө салган. Анын “Манастан” тышкары "Төштүк", "Мамаке Шопок", "Көбөн", "Толтой", "Ажыбек баатыр" сыяктуу чакан дастандары да басмадан чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG