Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Ирак армиясы Анбар провинциясында чоң операция баштады


Хашид Шааби (Элдик мобилизация) отрядындагы шиит жоокерлер "ал-Кудус күнүнө" (Иерусали күнү) арналган аскердик парадда. Багдад, 10-июль 2015
Хашид Шааби (Элдик мобилизация) отрядындагы шиит жоокерлер "ал-Кудус күнүнө" (Иерусали күнү) арналган аскердик парадда. Багдад, 10-июль 2015

Негизинен шиит милициясы колдогон чабуулдун максаты чөлкөмдү “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушчандарынан кайтарып алуу, деп билдирди 13-июлда Бирдиктүү операцияны жетектөө борборунун өкүлү Яхья Расул.

Ал операциянын чоо-жайын айткан жок. Офицерлер оболу Багдаддан 50 км батыштагы Фэллужа шаары бошотулат дешет. Жихадчылар Анбар провинциясынын борбору Рамадини эки ай мурда ээлешкен.

Май айында да Ирак өкмөтү Анбарды алуу боюнча операция баштаганын жарыя кылган. Андан бери уруш майданында чоң өзгөрүү боло элек.

XS
SM
MD
LG