Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:59

НАСАнын космостук көөлүгү Плутонго жеткени калды


"Жаңы горизонттор" космостук көөлңгүнүн Плутон планетасына жана анын тегерегиндеги үч Айга жакындаганын көрсөткөн сүрөт. Сүрөт НАСА жана Жон Хопкинс университетинин концепсиясы боюнча тартылган.
"Жаңы горизонттор" космостук көөлңгүнүн Плутон планетасына жана анын тегерегиндеги үч Айга жакындаганын көрсөткөн сүрөт. Сүрөт НАСА жана Жон Хопкинс университетинин концепсиясы боюнча тартылган.

НАСАнын “Жаңы Горизонттор” (New Horizons) космостук көөлүгү Плутон планетасынын бети даана көрүнгөн сүрөттөрдү Жерге жибере баштады. Көөлүк АКШнын Флорида штатындагы космодромдон 10 жыл мурда учурулган.

Окумуштуулардын айтымында, пианинодой чоңдуктагы космостук көөлүк 14-июлда Плутондун үстүнөн учуп, 2016-жылга чейин Күн системасындагы эң алыскы эсептелген планетанын сырын ачканга көмөктөшөт. Кээ бир сүрөттөрдөн жүрөк формасындагы планетанын жошо ыраңдуу бетиндеги табышмактуу кара тактарды жана аппак нур чачкан заттар көрүнөт.

Илипоздор жалтырак нерсени муз дешүүдө. 14-июлда көөлүк Плутонго 10 000 км жакындайт. Ал саатына 50 000 км жакын ылдамдыкта учууда. Бул эң тез учуучу космостук көлүктүн баасы 700 млн. доллар.

XS
SM
MD
LG