Орусиянын Омск шаарындагы аскерий окуу жайдын казармасындагы кырсыкта жабыргандар жана каза тапкандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынан кабарлашты.
12-июлдун кечинде аба десанттык аскерлердин окуу борборунун төрт кабаттуу казармасынын бир бөлүгү кыйрап калган. Кырсыктан каза болгондордун саны 23кө жетти. Окуянын себептери териштирилип жатат. (КЕ)