Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Мухтар Өмүракуновду эскерүү жумалыгы өтөт


"Замандаш" ассоциациясынын, партиясынын лидери жана меценат Мухтарбек Өмүракуновдун 50 жылдыгына арналган эскерүү өтөт. 13-июлдан 19-июлга чейин өтчү жумалыктын алкагында маркумдун элесине арналган расмий, маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулат.

Ассоциациядан кабарлашкандай, өлкөдөгү илимий, маданий чөйрөнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү Өмуракуновдун 50 жылдыгын өткөрүү сунушу менен маркумдун атындагы фондго кайрылышкан. Фонд атайын жумушчу топ түзүлгөн болчу.

19-июль - маркумдун туулган күнүндө Бишкекте, кичи мекени Ат-Башыда, жана республиканын башка жер-жерлеринде кыргыз диаспораларынын катышуусу менен дүйнө жүзүнүн бир топ шаарларында ага арналып куран окутулат.

Мухтарбек Өмүракунов 2011-жылы 1-майда алыскы Куба өлкөсүндө деңиз жээгинде эс алып жүргөн учурунда күтүлбөгөн кырсыктын айынан мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG