Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Аксыда күйдүргүгө шектелгендердин оорусу тастыкталган жок


Жалал-Абаддын Аксы районунда күйдүргү оорусун жуктурду деп шектелген сегиз адамдын дарты тастыкталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Алар бир жума бою тийиштүү адистердин көзөмөлүндө болуп, бардык анализдерин тапшырган.

Өткөн апта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы райондо сегиз киши күйдүргүгө шектелип, ооруканага түшкөнүн кабарлаган. Аларга илдет Жаңы-Талаа жана Ак-Сай айылында союлган малдын этинен жуккан болушу ыктымал экени айтылып, шектүү аймактарда ветеринардык жана фитосанитардык кызматтын адистери тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG