Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Сирияда ИМ тобунун эки лидери өлтүрүлгөнү айтылууда


Сириядагы укук коргоочулардын айтымында, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Хасака провинциясында абадан урулган сокку учурунда өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топтун абройлуу эки лидери мерт кетти. Syrian Observatory for Human Rights уюму тараткан кабарга ылайык, ирактык Абу Усама ал-Ираки жана сириялык Амир ал-Рафдан көз жумду. Бирок алар өкмөт күчтөрү урган соккуда өлдүбү же чет элдик коалициянын бутасына алындыбы, азырынча белгисиз.

Хасака провинциясы Ирак жана Түркия менен чектешет. Ал-Ираки согушкерлер ээлеп алган ошол аймакка өзүн “губернатор” деп жарыялаган. Ал эми ал-Рафдан Дейр-эз-Зор провинциясында башкаруучулук кылып жаткан эле.

Алардын өлүмүн башка көз каранды эмес булактар тастыктай элек. (SE)

XS
SM
MD
LG