Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Сирияга бараткан 25 тажикстандык Түркияда кармалды


Түрк маалымат каражаттары кабарлагандай, 10-12-июль күндөр аралыгында Сирияга мыйзамсыз жол менен өтүп баратып колго түшкөн 45 чет өлкөлүк кишинин 25и тажикстандыктар. Алар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына кошулуу үчүн аттанганы маалым болду. Аскерлер шектүү жарандарды Газантеп шаарына жакын жерде, Сирия менен чектеш аймакта колго түшүргөн. Арасында аялдар жана балдар да бар.

Тажик бийлиги бул атуулдар Орусия аркылуу кетиши мүмкүндүгүн билдирди. Расмий маалыматтарга караганда, учурда Сирия жана Ирактагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн тажиктердин саны 300дөн ашат. (SE)

XS
SM
MD
LG