Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөөнүн күчү 5 баллга жетти

Кыргыз-тажик чек арасында 14-июлга караган түнү саат 00:25те күчү 5 баллга жеткен жер силкинүү катталды.

Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Ачык-Суу айылынан 30, Дароот-Коргон айылынан 50 километр алыста, Тажикстандын аймагында болгонун Сейсмология институтунан кабарлашты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана курмандыктар жок. (SE)

XS
SM
MD
LG