Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Жети-Өгүз РЭСинин жетекчилигине кылмыш иши козголду


Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка караганда, Жети-Өгүз райондук электр станциялары ишканасынын жетекчилиги 2014-жылдын октябрында, план аткарылбай калганы үчүн 1,2 млн. кВт/саат электр энергиясын эсептен чыгарууну чечишкен.

Аны аткаруу үчүн аймактагы коммерциялык мекемелердин бири электр энергиясын колдонууда эреже бузган деген жасалма акт түзүшүп, компанияны 1,9 млн. сом карыз деген тыянак чыгарып коюшкан.

Окуя боюнча “кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “жасалма документ жасоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, териштирилүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG