Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Таласта байыркы шаардын орду талашка түштү


Талас: мүрзөнүн жери талашка түштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00

Талас: мүрзөнүн жери талашка түштү

Таласта Ак-Дөбөдөгү байыркы шаар калдыгы жаткан жердеги мусулмандардын мүрзөсүнө мындан ары сөөк коюуга тыюу салынды. Бул эң ириде аймактагы улуттук азчылыктардын нааразылыгын жаратты.

Археолог-окумуштуулар Ак-Дөбөдө орто кылымга таандык шаардын калдыгы жаткан жер коргоого алынышы керектигин айтып, жакында казуу иштерин баштаганы жатат.

Диаспораларды нааразы кылган чечим

Ак-Дөбөдөгү бейитте негизинен Талас шаарында жашаган улуттук азчылыктардын тууган-уруктары коюлган. Анда Таластагы өзбек диаспорасынын жетекчиси Аманжан Якубжановдун ата-бабасынын сөөгү коюлган:

- Ата-бабаларыбыз, тууган-уруктарыбыздын баары ушул жерде жатат. Мүрзө болгонуна эки кылымга таяп калды. Бул жакта кыргыз бир туугандар, өзбектер, түрктөр, татарлар - баары жатат.

Ак-Дөбөдөгү көрүстөнгө сөөк коюуга өткөн аптадан тарта тыюу салынды. Жергиликтүү бийлик мүрзө үчүн Талас шаарынын четинен башка жер таап бериптир. Аймактагы түрк диаспорасынын жетекчиси Ариф Касымоглынын айтымында, ал жерге акыр-чикир төгүлгөн жана өтө таштак. Бул маркумдарга жай казууга бир топ кыйынчылык жаратууда:

- Таластын чекесинен берилген жерге каршы чыгып жатабыз. Бизге башка кайрак, таштак эмес, суу акпаган жер берсин деп атабыз. Дөңсө жерлер болсо ага деле макулбуз. Арбактар жайлуу жатсын деген эле тилегибиз. Кийин шаарды кеңейтебиз, түздөйбүз, үлүш жер дегендей маселе чыкпасын деп жатабыз. Өзүбүз да ылдый жактан ыңгайлуу жерлерди көрсөттүк. Эң жакшысы ушул жерди эле калтырып коюшса болмок. Кары-картаң, аксакалдарыбыз баарыбыздын бара турган жерибиз ошол жер, ошол жерге эле коюп койсоңор деп суранып жатышат.

Ариф Касымоглы байыркы шаар калдыктарынан чыккан буюм-тайымдарга зыяны тийбегидей кылып сөөк коюуну уланта берүүнү сунуштап жатышканын кошумчалады:

- Биз азыр мэрияга да, Нуржанов айыл өкмөтүнө да кайрылып жатабыз. Эми жамандыкты эмес, жакшылыкты тилейли. Кокус бирөө жарымдын көзү өтүп кетсе, сөөк жашыруу үчүн жай казыла баштаганда "Манас ордобу" же дагы башка жак менен байланышып, алардын өкүлдөрү көр казып жатканда күбө болуп турса, эгер ошол жайдан буюм-тайымдар табылса, биз алардын баарын сындырбай-бүлдүрбөй өткөрүп бермекпиз. Эгер андай болбойт десе, өкмөт бул маселени туура, адилет чечип берсе дейбиз. Эми мусулман элибиз нааразы болбосун деген ой да. Кыргызстан деп күйүп-бышкан адамдардын сөөгү коюлган. Азыр деле биз Кыргызстан деп күйүп-бышып келебиз.

Татар диаспорасынын башчысы Гузаля Изхакова жергиликтүү бийликке көрүстөнгө сөөк коюуга тыюу салбоону өтүнүп жергиликтүү бийликке дагы бир жолу кайрылып жатышканын айтып берди:

- Үч жыл мурун биздин тууганыбыз каза болгон. Анын жайын казып жатканда чоң, эч бир жери сынбаган, бүтүн чопо кумара табылган. Аксакалдар көр казып жаткан жерден табылган нерсени алганга болбойт дегенинен ал кумараны ошол жерге таштап коюшкан. Эртеси эле аны кимдир бирөө алып кетиптир. Эгер ошол учурда "Манас ордо", же болбосо райондук, шаардык администрация ушундай учурда бизге кайрылгыла деп айтканда, биз табылган буюмду ошолорго өткөрүп бермекпиз. Бизге чынында ушул жерден табылган буюмдардын кереги жок. Болгону мындан ары деле ушул көрүстөнгө сөөк коюуга уруксат беришсин деп жатабыз. Мисалы, Таласта татарлар аз эле. Түрктөр, өзбектер дагы башкалар деле аз. Биз азыр губернаторго ушул жерди көрүстөн үчүн калтыргыла деп кайрылып жатабыз. Талас шаарында жашаган кыргыздардан кимдир бирөө каза болсо аны башка айылга, туулуп-өскөн, же ата-бабасынын сөөгү жаткан жерине алып кетиши мүмкүн. Биз, улуттук азчылыктардын ата-бабасы ушул жерде жатат, биз тууган-уругубуздун сөөгү бир жерде болсун дейбиз.

Талас облусунда жалпысынан бир 1,5 миңге чукул түрк, 1,5 миңден ашуун өзбек, 3 миңге жакын казак, 400дөй татар жашайт. Ал эми чечен, ингуш, карачай, уйгур өңдүү улуттардын саны 200гө чамалайт.

Соода менен өнүккөн шаар болчу

Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков көрүстөн үчүн жаңы берилген жер сөөк коюуга ыңгайсыз деген дооматты четке какты:

- Эми ал жерге мурда сөөк коюлуп эле келген. Чынында эле кичине таштагыраак жер, тигил жер топурактуу да. Шаарда чынында сөөк жашырганга жер жок. Андан жакшыраак жер жок. Биз ал жерди айыл өкмөтүнөн алып берип жатабыз. Шаарда жер тартыш. Ошондуктан биз ал жерди кошуна айыл өкмөттөн алдык. Сөөк коюуга ыңгайлуу.

Көрүстөндөр турган жерде чопо идиштердин сыныктары жайнап, бутка чалынып жатат. Окумуштуулардын маалыматы боюнча, мүрзөгө айланган жердин алдында орто кылымдагы көл өнөрчүлүк, соода-сатык, дыйканчылык дүркүрөп өнүккөн шаардын калдыгы жатат.

"Манас ордо" комплексинин жетекчиси Асан Жунушалиев бул шаардын калдыгын сактап, корукка алуу, тарыхый жайга айландыруу тууралуу тишелүү органдарга бир канча жолу кайрылышканын кеп салды:

- Бул 10-кылымдагы караханиддер доорундагы шаардын борбору. Шаар Текабкет деп аталат. Гүлдөп, өскөн шаар болгон. 13-кылымда Чыңгызхандын аскерлери талкалап салган. Шаардын тарыхый мааниси өтө чоң. Талас облусу боюнча эң чоң шаар калдыгы болуп эсептелет. 60-жылдардан бери ал жакка сөөк коюуга уруксат берип коюптур. Негизи ушундай тарыхый жерлерге сөөк коюуга болбойт. Ал жерди ачып, орто кылымда гүлдөп өнүккөн шаар деп туристтерге көрсөтүш керек. Казган сайын чопо идиш, буюм-тайымдар чыгат. Биз ошону корукка алып, музей куруп келген элге көрсөтөлү деген максатыбыз бар.

Убагында баркын билбей...

Асан Жунушалиев Таласта табылган табыгий буюм-тайымдар коңшу Казакстанга сатылып жаткан фактылар бар экенин айтып кейиди:

- Биздин кыргыздар тарыхый баалуулуктарга көп көңүл бурбай жатпайбы. Казакстандын тарыхы кийинки эле жылдардан башталат. Ошондуктан бизден табылган буюм-тайымдарды сатып алышып, менчик кылган учурлары бар. Кара-Буура, Кировдогу байыркы шаар калдыктардан табылган буюм-тайымдар Казакстанга өтүп кеткен учурлар болгон. Алар мындай буюмдарды өтө баалашат экен. Мисалы, ошол эле Ак-Дөбөдө бир аксакал кишиге жай казганда бир эле жерден 27 буюм чыккан. Баары жакшы сакталган экен. Биз алардын баарын музейге койгонбуз. Ал жерди эртерээк сактап калбасак, тарыхый маанисин жоготот. Ал дүйнөгө таанымал шаар болгон.

Археолог, профессор Кубат Табалдиев бул тарыхый жайда жакында археологиялык казууларды баштоо пландалып жатканын билдирди. Азыр каражат маселесин чечүү жолдору, ал үчүн Таластын тың чыкмаларына, капчыктуу өкүлдөрүнө кайрылуу жагы караштырылып жаткан экен:

- Мындай архитектурасы күчтүү, чопо идиштери көп, суу жүгүртүү системасы өнүккөн тарыхый эстелик Кыргызстанда жок. Бул түбөлүктүү эстелик. Мындай эстелик кылымдар бою сакталып калат. Орто кылымдагы маданиятты тааныта турган эң көрүнүктүү эстелик. Муну сакташыбыз керек.

XS
SM
MD
LG