Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Аксыда Уран Ботобековду колдогон митинг өттү


Бүгүн, 14-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол айылында Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобековду колдогон митинг өттү. Ага Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов барган.

Буга чейин уюштуруучулар митингге 300гө жакын адам катышып жатканын жана аны өткөрүүгө тоскоолдук болгонун айтышкан. Бирок район акими Медетбек Айдаралиев ал жерде 50дөй адам катышкан жыйналыш гана болгонун, бийлик тараптан эч кандай тоскоолдук жаралбаганын билдирди.

Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Икрамжан Илмияновдун арызынын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту Уран Ботобековду 1,8 млн сом айыпка жыккан. Буга Ботобековдун “Вечерний Бишкек” медиа-холдингине караштуу Кабар ордо сайтына берген маеги негиз болгон. Илмиянов ал маекти “кадыр-баркыма шек келтирди” деп белгилеген. (RsK)

XS
SM
MD
LG