Эл аралык Валюта фондуна карызынын экинчи траншы – 456 миллион еврону Греция дүйшөмбү күнү төлөгөн жок. Муну менен Афины насыяны жабуу мөөнөтүн экинчи жолу өткөрүп жиберди. Натыйжада төлөнбөй калган карыздын жалпы суммасы эки миллиард еврого жетти.
Өткөн айдын аягында насыясын төлөй албагандан улам Эл аралык Валюта фонду Грециядагы өз ресурстарын толук жаап койгон. Валюта кору тараткан билдирүүдө айтылгандай, насыяны төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча Афинынын өтүнүч каты фонддун аткаруу кеңешинде жакынкы күндөрү каралат.
Дүйшөмбү күнү Евромейкиндиктин лидерлери 17 сааттык сүйлөшүүдөн кийин Грецияга үчүнчү жолу насыя берүүгө жана өлкөнү евромейкиндикте кармап турууга бир добуштан макул болушту. Афиныга насыя өлкөнү дефолттон сактап калуу жана Грециянин евромейкиндиктеги ордун жоготпоосу үчүн зарыл.
Грециянын банктары жукарган корун көбөйтүү үчүн Европа борбордук банкынын насыясына муктаж. (ErN)