Ош-Стамбул каттамы аркылуу Сирияга куралдуу согушка жөнөп жаткан жеринен 9-июлдун таңында Ош шаардык аэропортунан Сузактын 16 жаштагы жараны кармалды.
Жалал-Абад облустук ИИБнын жана УКМКнын кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын натыйжасында Араван районунун 60 жана 29 жаштардагы аялдары өспүрүм кызды үгүттөп, материалдык жактан жардам көрсөтүп, билет да сатып беришкен.
Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирет. Бул багытта кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары Ош облусунун Араван районунун Араван айылынын тургуну, 54 жаштагы аялдын үйүн тинтүү маалында эки жаранга тиешелүү туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр табылган. (RsK)