Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Бишкекте “Азаттык” радиосун колдогон флеш-моб өтөт


“Азаттык” радиосунун кеңсесинин алдында бүгүн жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров флеш-моб өткөрөрүн билдирди. Ал пикирлештери менен бирге “Азаттыктын” теледолбоорлорун кайрадан коомдук каналда көрсөтүү талабын коюшмакчы. Флеш-моб учурунда алардын пикирин колдогондорду катарына кошушат.

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” жана “Азаттык+” теледолбоорлору 29-июндан бери КТРКдан көрсөтүлбөй калган. Коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков берүүлөрдү прайм-таймдан башка убакытка жылдыруу маселесин көтөргөн. (SE)

XS
SM
MD
LG