“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо уюмунун расмий сайтына белгисиз бирөөлөр чабуул жасап, учурда ал иштебей турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, сайт уюмдун “Аскаровго азаттык” деген билдирүүсү жарыялангандан кийин талкаланган.
“Эки жолу кеңсебиз тинтүүгө алынган. Аскаровдун иши боюнча улуттук коопсуздук кызматы, улутчулдар тарабынан эскертүүлөр берилип келген. Биздин оюбузча, бул дагы ошондой иш-аракеттердин бири болушу ыктымал”, - деди Исмаилова.
Аскаров 2010-жылдагы июнь калабасын уюштурууга шектелип, өмүр бою камалган. Өзү жана эл аралык коомчулук муну адилетсиз чечим деп баалап келет. (МТо)