Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:45

ЖОЖдорго кабыл алуунун 2-туру өтүүдө


Ушу тапта Кыргызстандагы бардык мамлекеттик жогорку окуу жайларында кабыл алуу сынагынын 2-туру өтүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет тарабынан быйыл окуу жайларына 5700 бюджеттик орун бөлүнгөн.

7-12-июлдагы кабыл алуунун биринчи турунда гранттык (бюджеттик) орундарга 2,5 миң чамалуу абитуриент кабыл алынды.

Ушу тапта кабыл алуунун экинчи туру өтүүдө. Ал 19-июлга чейин созулат.

Ал эми жалпы абитуриенттердин саны 25 миңдин тегерегинде болууда. (МТо)

XS
SM
MD
LG