Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Киев: Донбасста абал кайрадан курчуду


14-июлга карата Украинанын чыгышындагы абал.
14-июлга карата Украинанын чыгышындагы абал.

Украин аскерлери Донбасста абал курчуганын билдиришүүдө. Өткөн бир күн ичинде алардын багыттары жикчилдер тарабынан жүздөй жолу аткыланган. Украинанын чыгышындагы өкмөттүк аскерлердин маалымат борборунун айтканына караганда, жикчилдер артиллериялык куралдарды, минаметторду жана танктарды колдонгон. Киев бийликтерин Донецк менен Лугансктын бир катар райондорунда абал курчуганын маалымдоодо.

Ал эми “Донецк элдик республикасынын” бийликтери, тескерисинче, украин аскерлери тарабынан алардын багыттары, атап айтканда, Горловка артиллериялык жана танктардан аткыланганын айтууда.

Өлгөндөр жана жабыр тарткандар тууралуу маалыматтар жок. (ZB)

XS
SM
MD
LG