Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Грек парламенти кредиторлор талап кылган мыйзамдарды бүгүн карайт


Алексис Ципрас мамлекеттик телевидениеге интервью берүүдө
Алексис Ципрас мамлекеттик телевидениеге интервью берүүдө

Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас 13-июлда евромейкиндиктин лидерлери менен Грецияны сактап калуу боюнча түзүлгөн келишим үчүн жоопкерчиликти мойнуна аларын билдирди.

“Мен өзүм ишенбеген, бирок, аткарууга милдеттүү болгон келишим боюнча текстке кол коюуда өзүм кетирген кемчиликтер жана катачылыктар боюнча милдетимди толук түшүнөм” деди Ципрас 14-июлда мамлекеттик телевидениеде сүйлөгөн сөзүндө.

Жаңы программа өлкөнүн евромейкиндиктен чыгып калуусунан сактап калганын, демек ал аткарылышы керектигин айткан Ципрас евромейкиндиктен чыгып калуу элдин ортоңку жана төмөнкү катмарына сокку болмоктугун кошумчалады.

Катаал экономикалык реформаларды камтыган мыйзам долбоорду грек парламенти бүгүн талкуулайт. Анда эмгек, пенсия жана салык мыйзамдарын өзгөртүү каралган. Кредиторлордун талабы боюнча ал 15-июлдан кечиктирилбестен кабыл алынышы зарыл. Ушул мыйзам кабыл алынгандан кийин гана евромейкиндиктин лидерлери Грецияны каржы кризисинен сактап калуучу 86 миллиард евро бөлүү тууралуу макулдашууну аткаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштамакчы.

Ал эми Эл аралык валюта фонду Греция менен түзүлгөн макулдашуунун аткарылышы ишеним жаратпай турганын айтты.

XS
SM
MD
LG