15-июлда Кыргызстанда “Дени сак улуттун периси” аттуу сынак башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучу Айжамал Осмонова билдирди.
Анын айтымында, сынакка 16-25 жаштардагы кыздар катыша алат. Башка конкурстардан айырмасы - катышуучулардын интеллектуалдык деңгээлине, спорт менен машыгуусуна да көңүл бурулат.
Ошондой эле моделдерден башка кыздар да катышса болот. Конкурстун баш байгеси - Түркияга саякат. (AiJ)