Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Акаев: Нарымбаев кармалды деген маалымат чындыкка коошпойт


Президенттик администрация жетекчиси Данияр Нарымбаев УКМК тарабынан кармалды деген маалымат чындыкка коошпойт. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин пресс-катчысы Жанар Акаев маалымдады.

Анын айтымында, Нарымбаев учурда мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жыйынын өткөрүүдө.

Буга чейин айрым интернет басылмалары депутат Коркмазов менен биргеликте Президенттик администрация жетекчиси Данияр Нарымбаев да кармалганын жазып чыгышкан.

Буга чейин УКМК менен Башкы прокуратура биргеликте парламенттин мурдагы депутаты Нариман Түлеевдин ишин Жогорку Сотто оң жагына чечип берүү үчүн анын жакындарынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен Жогорку Кеңеш депутаты Хаджимурат Коркмазов кармалганын билдиришкен. (МТо)

XS
SM
MD
LG