Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Македонияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт


Евробиримдиктин ортомчулугу менен түзүлгөн келишим боюнча Македониянын башкы оппозициялык партиясы парламентке келет, ал эми премьер-министр келерки жылы болуучу шайлоо жарыяланган күндүн эртеси кызматынан кетет. Скопьедеги сүйлөшүүлөрдөн соң бүгүн Евробиримдиктин өкүлү Йоханнес Хандын айтымында, келишимге Македониянын төрт партиясы кол койду.

Келишим боюнча оппозициядагы социал-демократтар парламентке кайтып келет. Алар 2014-жылдын башында андагы шайлоолор бурмаланганын айтып, бойкот жарыялашкан.

Ал эми өкмөт башчы, консерватор Никола Груевский, келишим боюнча шайлоого 100 күн калганда кызматынан кетет. Парламенттик шайлоо 2016-жылдын 24-апрелинде өтөт.

Шайлоону бурмалоо боюнча министрлердин телефон сүйлөшүүлөрү жарыяланып кеткенден кийин быйыл май айында Македонияда массалык нааразылык акциялары болгон.

XS
SM
MD
LG