Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:38

“Кырк чоро” жана “Кырк кыз” топторунун ишмердиги талкууланат


Бүгүн Бишкекте укук коргоочулар, күч түзүмүнүн өкүлдөрү жана серепчилер “Кырк чоро” менен “Кырк кыз” уюмдарынын ишмердигинин мыйзамдуулугун талдашат. Талкууга эки топтун башчылары да чакырылган.

Соңку кездери “Кырк чоро” уюмунун жигиттери сауналарга жана сойкулук кызматын көрсөткөн батирлерге барып өз алдынча рейд уюштурууну адат кылышкан. Алар кыздарды жана кардарды милицияга өткөрүп беришет. Рейд учурунда жаздырылган видеолорду интернетке жүктөп турушат. Андан сырткары менталитетке жатпаган башка көрүнүштөрдү азайтууну да өздөрүнө милдет кылып алышкан. “Кырк чорочулар” муну улуттук намысты коргоо аракети катары сыпатташат. Жакында уюмдун экинчи канаты катары “Кырк кыз” уюму түзүлгөн.

Бирок жарандык активисттер булардын ишмердигин мыйзамсыз деп баалап, нааразылыгын билдирип келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG