Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:55

Киев: Донбасста бир суткада өлгөн жоокерлердин саны 8ге жетти

Киев Украина чыгышындагы соңку суткадагы жикчилдердин чабуулунан 8 аскер окко учканын, 16сы жаракат алганын кабарлады. Украинанын коопсуздук кеңешинин бүгүн, 15-июлда маалымдашынча, бул феврал айында Минскиде жетишилген ок атышпоо тууралуу келишимден берки эң чоң чабуулдардын бири болуп калды.

Украина аскерлеринин өкүлү Андрей Лысенко үч жоокер жикчилдердин огунан, беш жоокер минага жарылып, набыт кеткенин айтты. Ал жикчилдер Минск келишими аркылуу тыюу салынган оор артиллериялык куралдарды колдонуп жатканын кошумчалады.

Ал эми жикчилдер, тескерисинче, өкмөттүк аскерлер чабуулдарды күчөткөнүн, алардын эки жоокери менен бир жөн-жай тургун каза таап, жети адам жаракат алганын кабарлашты.

2014-жылдын жазынан берки Украина чыгышындагы куралдуу уруштарда 6500дөн ашык адам каза тапты.

XS
SM
MD
LG