Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Ысык-Атадагы жол кырсыгынан беш адам мерт болду


Чүй облусунун Ысык-Ата районунда эки жеңил унаа кагышып, беш адам мерт болуп, жетөө түрдүү жаракаттарды алышты. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирет.

Кабарларга караганда, окуя кечээ эртең мененки саат 9дарда болгон. Жол кырсыгында эки айдоочу жана үч жүргүнчү ошол жерден жан беришкен. Калган жүргүнчүлөр Ысык-Ата райондук ооруканасына жаткырылды.

Кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын себеби иликтенүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG