Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Быйыл өлкө боюнча 44 мектеп курулат


Ала-Тоо жаңы конушундагы мектеп окуучулары
Ала-Тоо жаңы конушундагы мектеп окуучулары

Бул тууралуу билим берүү маселелерине арналган жыйында өкмөт башчы Темир Сариев билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, кийинки жылы 100 мектеп салынып, 100 мектепти толук оңдоо каралууда.

“Учурда өлкөдө 2669 мечит, 67 медресе бар. 2027 мектеп, 52 жогорку окуу жайы иштейт. Мечиттер мектептин санынан ашканы эле тенденциянын кайда баратканын көрсөтүүдө. Шайлоо өнөктүгү башталары менен партиялар добуш алуунун ар жолдорун издей башташат. Алар мектепке керектүү жабдык сатып берүүнүн ордуна добушту башка жол менен сатып алууга качышат. Ушундайда коомчулук уяткарып, мектептерге керектүү нерсени талап кылышы керек”, - деди Сариев.

Жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, бул тармактагы көз карандысыз эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. (МТо)

XS
SM
MD
LG