Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:54

Кадыралиев бир аптадан кийин ооруканадан чыгарылат


Депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиев бир аптадан кийин ооруканадан чыгарылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин Бишкек шаардык департаментинин жетекчиси Кубанычбек Кулбатыров билдирди.

Анын айтымында, Кадыралиев сокур ичегисине операция жасагандан кийин дарты оорлошуп кетип, кийин экинчи ирет операция жасалган.

“Операциянын орду эми айыгып келатат. Ал ордунда жатат. Көп баса албайт. Жабыркагандардын туугандары, министрлик өкүлдөрү барып көрүштү. Оорукана жетекчиси бир жума ичинде чыгарыларын айтты”, деди Кулбатыров.

Бүгүн Кадыралиевден жабыркагандардын туугандары Саламаттык сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышып, министр Талантбек Батыралиев Кадыралиевди калкалап жатат, ал ооруканада эмес, эркиндикте жүрөт, бирок сотко келбей, сотту создуктурууда деп кине коюшкан. Батыралиев муну четке кагып, нааразы тарапты Кадыралиев жаткан ооруканага жөнөткөн.

Кадыралиев мурда Ош шаардык прокуратурасында иштеген. Ага Кылмыш кодексинин бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Өзү болсо айыптардын баарын четке кагып келет. (МТо)

XS
SM
MD
LG