Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Баткенде альпинисттердин мелдеши өтүүдө


Баткендин Геревшин тоолорунда башталган альпиниадага Орусиядан 70ке жакын альпинист келген. Мелдеш 15-июлда башталып, 2-августта аяктарын "Азаттыкка" Batken Travel Service туристтик компаниясынын жетекчиси Жунусбек Каразаков билдирди.

Анын айтымында, Баткендин тоолорунда экинчи жолу өтүп жактан альпиниада бул жолу 5А категориясынан 6Б категориясына чейинки аскаларда өтөт. Геревшин тоолорунда 7Б категориясына чейин аскалар бар.

Өткөн жылы да Орусиянын альпинисттеринин командалык чемпионаты Геревшин тоолорунда өтүп, 200дөй катышуучу болгон. Ал эми Кыргызстандан альпинисттер тобу катышкан жок. (JsA)

XS
SM
MD
LG