Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

CNN: Малайзиялык учакты орусиячыл жикчилдер кулаткан


Нидерланддын Коопсуздук кеңеши бир жыл мурдагы ири авиакырсыкка орусиячыл жикчилдер ээлеген Донецк аймагынан атылган ракета себеп болгон деп эсептейт. Бул тууралуу атайын доклад даярдалганын CNN телекомпаниясы кабарлады.

Доклад кырсыкты иликтөөгө катышып жаткан Австралия, Британия, Малайзия, Орусия, Украина жана АКШнын кароосуна жөнөтүлдү. Алар өз алымча-кошумчасын 1-августка чейин бериши керек.

Нидерланддын жыйынтык доклады октябрь айында даяр болот.

Туура бир жыл мурда, 2014-жылдын 17-июлунда Амстердамдан Куала-Лумпурга учуп бараткан «Боинг» украиналык аскерлер менен орусиячыл жикчилер кармашып жаткан аймактын үстүнөн учуп баратканда кыйраган. Ичиндеги 298 кишинин баары набыт кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG