Кечээ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин террористтерди кармоо операциясы учурунда беш үй өрттөндү. Алардын төртөө жай тургундардыкы. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.
Анын айтымында, операция учурунда колдонулган гранатадан улам өрт тутанып, ал террористтер жашынган үйгө жанаша жайгашкан үйлөрдү да жалмаган.
“Үч үйдүн чатыры, бирөөнүн сарайы күйгөн. Жалпы эки миң чарчы метр аянт. Өрт өчүрүү үчүн алты машина иштеди. Бирок дароо өчүрүүгө уруксат беришкен жок. Атышуу токтогондон кийин гана биздин кызматкерлер ишине киришкен”, - деди Шерипова.
Кечээ Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда террористтерди кармоо операциясы өттү. Атышуу 18:30дарда башталып, бир сааттан ашыгыраак созулган. Операция учурунда УКМКнын атайын отрядынын төрт жоокери жаракат алып, төрт жоочу өлтүрүлгөн, жетөө колго түшүрүлгөн. (МТо)