Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Турсунбеков: Кадыралиева, Салимов кийинки тизмеге киргизилбейт


Учурдагы парламенттеги КСДП фракциясынын мүчөлөрү Ыргал Кадыралиева, Турсунтай Салимов баштаган айрым депутаттар келаткан шайлоодо аталган партиянын талапкерлер тизмесине кошулбайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракция жетекчиси Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Анын айтымында, КСДПдагы айрым депутаттар моралдык жактан партиянын атына көлөкө түшүрүүдө.

Буга чейин Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге Ошто бир топ ишкерлерге ыдык көрсөткөн, бизнесин тартып алган деген шек менен кылмыш иши козголуп, Интерпол тарабынан издөөгө алынган. Кийинчерээк, ооруп ооруканага түшкөндө, ал карындашы Ыргал Кадыралиеванын үйүндө жашырынып жүргөнү ашкереленген.

Ал эми депутат Салимов бала бакчаны көңүл ачуучу борборго айлантканы айтылган. Кийинчерээк, милициянын рейди учурунда Салимовдуку делген жерден сойкукана табылган. Депутат аталган жайды ижарага бергенин айтып актанган эле. Эки окуя тең коомчулукта чоң талкуу жаратып, депутаттар сынга алынган.

Турсунбеков башка дагы кайсы депутаттар тизмеден чыгарыларын ачыктаган жок. (UEz/МТо)

XS
SM
MD
LG