Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Отставкадагы полковниктин тарапкерлери митингге чыгышты


Абдували Акжолов
Абдували Акжолов

ИИМдин отставкадагы полковниги, мурдараак баңгизаты менен кармалган Абдували Акжоловдун тарапкерлери митингге чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Акжоловдун тарапташтарынын бири Орозайым Нарматова билдирди.

Анын айтымында, Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын (ГСКН) кызматкерлери Акжоловду ур-тепкиге алып, кылмышын мойнуна алдырышкан.

“Акжоловдун тарапташтары, аны сабагандар жоопко тартылышын талап кылып, Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын алдында нааразылык акциясын өткөрдүк. Өзгөндө да аны колдогондор митингге чыгышты”, деди Нарматова.

Ал эми Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматы Акжолов 12 кило гашиш менен кармалганын, кармоо учурунда каршылык көрсөткөнү үчүн күч колдонууга аргасыз болгонун, кармагандан кийин андан 8 огу менен тапанча да чыкканын маалымдашууда. (МТо)

XS
SM
MD
LG