Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Жураев: АКШ менен мамилени үзүү Кыргызстанга эле зыян


АКШ менен жардамдашууну жеңилдетүү боюнча кызматташтык тууралуу келишимди бир тараптуу жокко чыгарып кыргыз өкмөтү туура эмес реакция жасады. Бул тууралуу “Азаттыкка” саясат талдоочу Эмил Жураев билдирди.

“Азимжан Аскаровдун маселесин биздин өкмөт аябай саясатташтырып ийди. Эгер Аскаровго байланыштуу чечим кандайдыр бир маселеси жок кабыл алынганына баары ынанса, анда башка кеп эле. Бирок бул жаатта көп талаш пикирлер бар”, - деди Жураев.

Анын оюнча, Аскаровго сыйлык ыйгарган чечим үчүн кандайдыр бир келишимди бузуу Кыргызстан үчүн керексиз жана зыяндуу.

“Кыргызстан ал кабыл алган чечимден АКШ чочулап же корккудай деңгээлде эмес. Биз үчүн аталган өлкө менен кызматташуу көбүрөөк маанилүү, кызуулук менен чечим кабыл алуу туура эмес. Вашингтон менен мамилени бузуп алуу менен тышкы саясатта эч нерсе утпайбыз” деп кошумчалайт Жураев.

XS
SM
MD
LG