Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Порошенко учак кырсыгы боюнча жикчилер менен Орусияны айыптады


Украин президенти Петро Порошенко
Украин президенти Петро Порошенко

"Ичинде 298 адамы бар жүргүнчү учак Украина чыгышындагы Орусия колдогон жикчилердин террордук чабуулунун бутасы болгон", - деп билдирди украин президенти Петро Порошенко бул окуянын бир жылдыгына карата жасаган кайрылуусунда. Анын сөзүнө караганда, учак "жогорку технологиядагы курал менен атылган" болушу мүмкүн. "Бул кошуна өлкөнүн жогорку саясий жана аскерий жетекчилигинин түздөн-түз буйругусуз болушу мүмкүн эмес", - деп билдирет Порошенко

Туура бир жыл мурда Малайзия авиакомпаниясына таандык Амстердам - Куала-Лумпур каттамындагы Боинг 777 жүргүнчү учагы Донецк облусунда атып түшүрүлүп, андагы 298 адамдын баары каза тапкан. Алардын 196сы голландиялыктар эле. Бүгүн дүйнө бул кырсыктын курмандыктарын эскерүүдө.

Бул окуяны иликтөөнүн расмий жыйынтыктары айтылган эмес. Көз карандысыз эксперттер учак жикчилер көзмөлдөгөн аймакта Орусия жиберген БУК системасынан атылганын айтышкан. Орусия бийлиги мындай жоромолдорду четке кагып, бул кырсыкка тиешеси жоктугун айтып келет.


XS
SM
MD
LG