Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:14

Украинада жергиликтүү бийликтерге шайлоо өтөт

Украин парламенти
Украин парламенти

Украин парламенти жергиликтүү башкаруу органдарына шайлоо өткөрүү боюнча долбоорду жактырды. Шайлоо 25-октябрда өтөт. Бирок бүгүн Жогорку Рада кабыл алган долбоорго ылайык, Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Украина чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп турган аймактарда шайлоо өтпөйт.

Чыгыштагы Донецк жана Луганск облустарында өкмөтчүл күчтөр менен орусиячыл жикчилердин ортосунда кагылышуу башталган былтыркы апрелден бери Киевдин бул аймактарда таасири жок. Бул чатак 6500дөн ашык адамдын өмүрүн алган.

Аталган эки облустагы жикчил бийлик да буга чейин ушул күздө өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарда жергиликтүү шайлоолорду өткөрөрүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG