17-июлда Багдадга жакын аймактагы жардыруудан кеминде 80 адам каза таап, ондогон адамдар жарадар болду.
Хан-Бани-Саад провинциясындагы Багдаддын түндүк-батыш жагында жайгашкан Дияла шаарында бомба коюлган автоунаа жарылган. Автоунаа базарга жакын, миңдеген адамдар чогулуп Орозо айт майрамын белгилеп жактан жерде токтоп турган. Жардыруудан бир нече имарат талкаланды. Учурда издөө, куткаруу иштери уланып жатат.
Азырынча кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Бирок мурдараак сунниттер дагы шииттер да жашаган провинцияда “Ислам мамлекети” тобу бир нече жолу жардырууларды уюштурган.