Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Сариев цемент заводдун курулушун токтотууну тапшырды


Сариев тиешелүү тармактын өкүлдөрүнө Чүй облусундагы Кемин подстанциясына жакын курулуп жактан цемент заводдун курулушун токтотууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Өкмөт башчы Темир Сариевдин жүйөсүндө аталган заводдон тараган чаң подстанция чубалгы жана жабдыктарына зыянын тийгизет.

- Бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугунун маселеси. Датка-Кемин долбооруна мамлекет 400 миллион доллар жумшады. Ушунча каражат жумшалган долбоорго шалаакылык айынан зыян келбеши керек, – деди Сариев.

Премьер-министр буга чейин Техника экологиялык инспекциясына заводдун курулушун токтотуу тапшырмасы берилгенине карабай курулуш уланып жатканы үчүн түшүндүрмө талап кылды. Бул үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүп, буйрукту аткарбаган кызматкерлердин жоопкерчилигин кароону тапшырды.

Азырынча аталган заводдун курулуш этабы канчага келип калганы жана канча каражат сарпталганы жөнүндө маалымат жок. (TSh)

XS
SM
MD
LG