Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

Жалал-Абад: мугалимдер биометрикалык маалымат чогултууга тартылууда


Шаардагы мектептерде мугалимдер эмгек өргүүсүнөн чакыртылып, участоктордо биометрикалык маалымат тапшырбаган жарандардын тизмесин тактоого киришти. Бул тууралуу №5 мектептин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Элмира Токеева “Азаттыкка” билдирди.

"Мугалимдер бөлүнгөн участокторунда тизмени тактоо иштерин алып барышууда. Алардын бул күндөрдөгү эс алуусу узартылып берилет", – дейт Токеева.

Шаардык мэриянын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Малика Мустапакулова педагогдорго жардам берүү максатында гана кайрылганын, мажбурлоо жок экендигин билдирди. Учурда шаарда 57 миң жаран биометрикалык маалымат тапшырган.

15-июлда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев катышкан облустук жыйында Жалал-Абад облусу биометрикалык маалымат чогултууда 62% менен эң артта экенин белгилеп, жергиликтүү жетекчилердин ишин сынган алган. 15-августка чейин толук маалымат чогулбаса, район-шаарлардын жетекчилери кызматтан бошотуларын эскерткен. (RsK)

XS
SM
MD
LG