Ташкент облусунун жергиликтүү бийлиги өлгөн адамдардын саны такталып жатканын билдирген. Бирок атын атагысы келбеген айыл тургуну жарылуудан 25 киши өлгөнүн “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына айткан.
Расмий эмес булактардын маалымдашынча, 13-июлда Ташкенттин Ахангаран районунун Кочбулак айылындагы кароосуз калган алтын шахтасына иштөөгө келген эки топ чатакташа кеткен. Жаңжалдын натыйжасында өрт чыгып, шахтада катуу жарылуу болгон. Шахтанын ичинде калгандар жарылуудан жана ууланып каза болушкан.
Район бийлиги жергиликтүүлөргө "окуя боюнча эч кимге ооз ачпагыла" деп эскерткен. Шахтада 16-30 жаштагы жарандар иштечү.