Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:30

УКМКнын операциясында үйү өрттөнгөндөр бийликке нааразы


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин куралдуу топту кармоо боюнча атайын операциясы учурунда үй өрттөнүп кеткен тургундар бийликке нааразы болушууда. Алардын бири Алёна көчөдө калып, балдары менен кайда барарын билбей жатканын айтты:

“Баары талкаланды, эч нерсе калган жок. Биз айласыз ушул жерге митингге чыктык. Бийликтен кишилер келишти, карап, сүрөткө тартып кетишти. Чыгымдарды төлөп берүү жөнүндө кабар жок. ӨКМ палатка берет дешкен. Болбосо көчөдө түнөйбүз го”.

Өкмөт башчы Темир Сариев атайын операция учурунда өрттөнгөн үйлөр боюнча атайын комиссия түзүлөрүн билдирген. Аталган комиссия келтирилген зыянды аныктап чыккандан кийин жабыр тарткандарга чыгымын төлөп берүү маселеси каралмак.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал жерде беш үй өрттөнгөнүн билдирген. Операция учурунда колдонулган гранатадан улам өрт тутанып, ал кылмышка шектүүлөр жашынган үйгө жанаша жайгашкан үйлөрдү да жалмаган.

16-июль күнү Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралдуу топту кармоо операциясы өткөн. Операция учурунда УКМКнын атайын отрядынын төрт жоокери жаракат алып, кылмышка шектүү алты адам өлтүрүлгөн, жетөө колго түшүрүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG