Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Франсуа Олланд евроаймакты чыңдоого чакырды


Франсуа Олланд
Франсуа Олланд

Франция евроаймакты күчтүү уюм катары көргүсү келерин президент Франсуа Олланд жекшембиде Journal du Dimanche журналына берген маегинде айтты. Өткөн апталарда грек кризисин жөндөө маалында “европалык ишеним” жанданганын айтып, бирок мындан ары “алакан жайып отура берүү” болбостугун белгиледи. Олланд ошондой эле евроаймактын башкаруучу түзүмдөрүн оптималдаштырууга мезгил жеткенин айтты. Француз президенти европалык бирдиктүү акча – еврону негиздөөчүлөрдүн бири, Франциянын мурдагы тышкы иштер министри Жак Делордун идеясын улантууга чакырды.

20-июлда 90 жашка толгон Делор "евроөкмөт" түзүүнү сунуштаган. Олланд бул идеяны улантып, атайын бюджет түзүүнү жана анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн парламенттик орган түзүүнү сунуштады.

1992-жылкы Маастрихт келишимине ылайык бирдиктүү акча бирдигин колдонгон бардык мамлекеттер карыз акча алуунун жана бюджеттин таңсыктыгын жабуунун жалпы эрежелерин сактоого тийиш. Бирок грек кризиси евроаймакка кирген 19 өлкөнүн бири таңсыктыкты улам көбөйтүп отуруп, карызга белинен батып кеткенин көрсөттү. Ал эми маселени чечүү европалык мекемелер менен Эл аралык валюта коруна жүктөлүп калды.

XS
SM
MD
LG