Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:18

Порошенко Украина "унитардык мамлекет" бойдон каларын айтты


Украинанын президенти Петро Порошенко ушул күздө Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө аракеттенерин айтты. Өкмөттүн интернет сайтына чыккан билдирүүдө өзгөртүүлөр менен толуктоолор өлкөнүн чыгышындагы райондорго «өзгөчө макам бербей» турганы айтылат.

Порошенко Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Донбасс жана башка өлкөнүн бардык аймактарындагы жергиликтүү кеңештер «бир топ укук жана мүмкүнчүлүктөргө» ээ болорун белгилейт.

Бийликти борбордон алыстатуу боюнча Порошенко бул өзгөртүүлөр коргонуу, тышкы саясат жана адам укуктарын коргоо жаатына тиешеси жоктугун тактады. Ошол эле маалда президент Конституциялык сот жана Жогорку Рада сепаратисттик маанайда чечим чыгарган өз алдынча башкаруу органдарынын ишин токтотуп койо алары белгиленет. Порошенко федерализация сунушу өтпөй турганын, өлкө унитардык мамлекет бойдон каларын кайталады.

16-июлда Жогорку Рада Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен колдогон.

XS
SM
MD
LG