Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Эл аралык олимпиада комитети Алматы менен Бээжиндин бирин тандайт


Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томаш Бах 2022-жылдагы кышкы оюндарды өткөрүүнү Алматыга же Бээжинге ыйгаруу чечимин кабыл алуу татаал болуп жатканын айтты. Бах ишембиде эки талапкер шаар тең дүйнөлүк оюндарды өткөрүүгө арыздарды жогорку деңгээлде даярдаганын билдирди.

Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрү 2022-жылы оюндарды өткөрүү укугун кимге берүүнү 31-июлда Индонезияда чечишет.

Ошол эле маалда Олимпиада комитети адам укуктары бузулган Кытай менен Казакстанды дүйнөлүк мелдештерди өткөрүүгө талапкерликке каттаганы үчүн сынга кабылууда.

XS
SM
MD
LG