Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Набыт болгон кыргызстандык боюнча түрмө башчысына айып тагылды


Свердлов облусундагы Невьянск шаарында жайгашкан №46 абактын башчысына, анын орун басарына жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысына “кызмат абалын зомбулук кылууга пайдаланган” деген айып тагылды. Орусиялык укук коргоочулардын билдирүүсү боюнча, түрмө башчысы өзүнө коюлган айыпты мойнуна алган жок, калган экөө жарым-жартылай айыптуу экенин айтышкан. Үчөө тең тергөө учурунда кызматтарынан четтетилишкен, кийин соттун чечими менен камакка алынышкан.

4-июлда Свердлов облусундагы Невьянск шаарында жайгашкан №46 абакта отурган Кыргызстандын 26 жаштагы жараны набыт болгон. Анын өлүмүнө түрмөдө жаза өтөп жаткан 400дөй киши ачкачылык жарыялоо менен нааразылык билдирип, түрмө жетекчилигинин үстүнөн арызданышкан эле.

Азырынча каза болгон кыргызстандык жарандын аты-жөнү ачык айтылбай турганын Екатеринбургдагы Кыргызстандын консулдугу билдирди.

Орусиянын абактарында жалпысынан 2400гө чамалуу кыргызстандык бар. Бир-эки жыл мурун бул көрсөткүч дээрлик 2 эсе аз болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG