Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:36

Баткенде Сох дарыясындагы суу эгин талааларын жууп кетти


Күндүн катуу ысышынан улам Сох дайрасынын суусу ташып, Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл аймагынын Чоңгара айылында 0,8 гектар шалы (күрүч) талаасын жана дамбадагы 260 даана орнотулган габиондук торчолордун болжол менен 120 даанасын суу жууп кеткен. Ошондой эле 1 гектар шалы талаасын жууп кетүү коркунучу пайда болгон. 2011-жылы курулган дамба болбогондо ички чарбалык көпүрө жана эгин талаалары толугу менен жараксыз абалга келмек.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Кабарларга караганда, министрлик жергиликтүү бийлик менен кошо убактылуу дамба куруу жана дарыянын жээгин бекемдөө иштерин жүргүзүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG