Бул күн айылдыктар үчүн тааныштар менен учурашуу, апта бою күткөн буюмун сатып алуу, малды сатып акчасына кийим, азык-түлүк камдоо, карыз алып качып жүргөн таанышты жолуктуруу, шаардыктарча ашканадан тамактануу күнү болот. Ар бейшемби келчү базардан шаарда сатылган буюмдун баарын тапса болот. Ал эми соодагерлер болсо, базар аяктары менен жүк машинесине саткандан калган товарларын жүктөп, кийинки айылга бет алышат.
Көчмө базардын жолун караган элеттиктер
Ош шаарынан 300 чакырым алыста, деңиз деңгээлинен 3500 метр бийикте жайгашкан Алайдын Сарык-Могол айылына бир аптада бир гана жолу көчмө базар келет.