Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Сoncacaf-2015: АКШ жана Ямайка жарым финалда

Хет триктин автору Клинт Демпси
Хет триктин автору Клинт Демпси

КОНКАКАФтын Алтын кубогунда ишеничтүү оюн көрсөтүп жаткан АКШ чейрек финалда Кубаны 6:0 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алды. Оюндун жүрүшүндө жарым коргоочу Клинт Демпси мыкты оюн көрсөтүп, үч голду жаратууга үлгүрдү. Ошондой эле Ямайка 1:0 эсебинде Гаитини утуп, жарым финалга жолдомо алган экинчи команда болду. Бүгүн Тринидад жана Тобаго чейрек финалдык оюнду улантып Панама менен ойнойт. Ал эми Мексика Коста-Рика менен күч сынашмакчы.

КОНКАКАФтын Алтын кубогу быйыл АКШда өтүп жатат. Кубокту жеңген мамлекет 2017-жылы Конфедерация кубогуна катышууга жолдомо алмакчы. (SDz)

XS
SM
MD
LG