Бүгүн эртең мененки саат тогуз жарымдар чамасында белгисиз адамдар “ЭкоИсламикБанктын” Бишкектеги Ауэзов көчөсүндөгү филиалына кол салган.
Атышуу учурунда бетине ок тийген банктын күзөт кызматынын өкүлү каза тапты, жай тургундар арасында жабыркагандар жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кол салгандар банктагы акчаны алганга үлгүрбөй, качып кеткен. Учурда кылмышка шектүүлөр изделүүдө. (КЕ)