Бүгүн эртең менен Кабулдун түштүгүндөгү провинцияда эл аралык күчтөрдүн аба соккусунан кеминде жети ооган аскери мерт кетип, дагы бешөө жарадар болду. Бул тууралуу аймактагы аскер башчысы Абдул Разак Ассошэйтед пресс агенттигине билдирди. Аймактын губернатору Мохаммад Рахим Амин Логар провинциясынын Барак районундагы Бараки бекетине жасалган аба соккусу "Талибандын" согушкерлери өтө активдүү болгон бул аймакта координация начардыгынан жаңылыш жасалып калганын кошумчалады.
АКШнын Ооганстандагы аскерий өкүлү, полковник Брайан Трибус коалиция бул инцидентти иликтээрин айтты.